Дарысын, уколун сатып аласыздар. Бишкекте убактылуу стационарлар ачылды

Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 15:29
0 ой-пикир

Бишкекте эки мектеп-интернаттын базасында убактылуу оорукана ачылды. Бул тууралуу мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, убактылуу бейтапканалар №1 интернаттын (150 орун) жана көрүүсү начар балдар интернатынын (80 орун) жатаканаларында ачылды. Ал жерде өлкөнүн аймактарынан келген ыктыярчы дарыгерлер иштешет. Муну менен катар дарыгерлерден жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жогорку курсунун студенттеринен турган алты тез жардам бригадасы иштей баштады.

Буга кошумча Бишкек шаардык мэриясы борбордогу спорт залдардын имаратына керебеттер коюлуп жатканын кабарлады. Анда коронавирус жана пневмониядан жабыркаган бейтаптар келип, күндүз медициналык жардам алууга ылайыкташат. Бирок, дарысын жана уколдорлу бейтаптардын эсебинен экендиги белгиленди.

Кыргызстанда кийинки күндөрү коронавируска кабылган жана өпкөсү кагынган (пневмония) жарандар көбөйүп, ооруканаларда орундардын, жасалма дем алдыруучу аппараттардын жана кычкылтек концентраторлорунун жетишсиздиги байкалууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.