Боронов: Орундарды карагыла, аймактар абалдын терс өнүгүшүнө даяр болушу керек

Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 13:46
0 ой-пикир

Учурда Бишкек шаарында байкалган жагдайдын терс өнүгүшүнө ар бир аймак даяр болушу керек. Бул тууралуу Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

«Ар бир облустун жетекчилерине кайрылам. Учурда негизги соккуну борбор калаа жана Чүй облусу алып жатат. Вирустун жайылуу толкунун токтотуу үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бирок абалдын терс өнүгүшүнө даяр болууга милдеттүүбүз. Ооруканаларда орундарды алдын ала даярдагыла. Жашоочулардын жана медициналык мекемелердеги орундардын эсебин эске алуу керек. Ошол эле учурда персонал жетишпеген шартта жардам көрсөтүүгө даяр медицина кызматкерлеринин тизмесин даярдоо керек. Учурда эле медициналык персонал жетишпей жатат. Ошондуктан адистерди тартуу иштерин күчөтүү зарыл. Кошумча тартылган медицина кызматкерлери аткарган ишине жараша тиешелүү айлык акысын алышат», — деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр билдиргендей, Бишкек шаарында 600дөн ашуун кошумча орун даяр.

«Аларга жайгаштырылган жарандар тийиштүү түрдө дарылана башташты. Кайдыгер эмес жарандар жардам көрсөтүп жатышат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан алардын баарына терең ыраазычылык билдиргим келет. Ошол эле тапта кошумча орундарды жана убактылуу госпиталдарды ачуу иштери планга ылайык уланууда. Окуу жайлардын жатаканаларынын имараттарында керектүү медициналык жабдуулар орнотулуп, дары-дармектер жеткирилүүдө», — деди Кубатбек Боронов, ал мындай стационарларга тажрыйбалуу дарыгерлерди тартуу зарылдыгын белгиледи.

Кубатбек Боронов учурда Бишкек шаарынын медициналык кызматкерлерине жардам көрсөтүү үчүн аймактардан ыктыярчылар тартылганын билдирди.

«Азыркы тапта Талас, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Баткен облустарынан 70ге жакын дарыгер жана медайымдар келишти. Муну менен катар Россия Федерациясында иштеген кыргыз дарыгерлер жардам берерин билдиришти. Жакынкы күндөрү алар учак менен жеткирилет. Тобокелдикке карабастан, ак халатчандарыбыз ыктыярдуу түрдө көмөк көрсөтүп жатышат. Бейтаптардын жана оор шарттарда иштеген медицина кызматкерлеринин тамак-ашына жооптуу жактарга тамактандыруу, медициналык мекемелерде шарттарды түзүү боюнча бардык маселелерди чечүү тапшырылды. Жарандар бул вирусту жеңүүгө күч берчүдөй туура тамактануулары керек», — деп жыйынтыктады Боронов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-июлга карата коронавирус жуктурган 327 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 7094тү түзөт. Алардын ичинен 2714 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 78 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.