Бир суткада пневмониядан 31 адам каза болду. Жалпы 151

Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 11:45
0 ой-пикир

Кыргызстанда дагы 31 киши пневмониядан каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, учурда өлкөнүн ооруканаларында 2 миң 122 киши пневмониядан (коронавируска тапшырган анализдери таза чыккан) дарыланууда. Алардын ичинен 496 бейтаптын абалы оор, 153 киши реанимация бөлүмүндө жатат.

Өлкөдө март айынан бери 3 миң 9 адам пневмония менен ооруканага дарыланууга алынып, анын ичинен 736 киши айыгып чыккан, 151 бейтап каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.