Текебаев: Бүгүн фронттогудай эле бир кадам артка жол жок

Окуялар тизмеги 03 Июл 2020 13:20
0 ой-пикир

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда коронавирустун көбөйүшүнө байланыштуу өкмөткө, элге, ишкерлерге кайрылуу жолдоду.

Ал «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган видеосунда коронавирусту «адамзатка 100 жылда бир келүүчү апаат» деп атады.

«Эки ай карантинде өкмөт жана эл вирус менен күрөшүүгө даяр болушу керек эле. Окумуштуулар аны менен кантип күрөшүүнү, кантип дарыланыш керектигин жарым жылдык тажрыйбасы менен үйрөтүшү керек эле. Эки ай өттү. Кыргызстана күн ысыды. Ысык менен кошо вирус жок болду деген ой менен баарыбыз көчөгө чыктык. Тойго, батага бардык, митингге чыктык. Жыйынтыгында мунун кесепети абдан оор болду. Бүгүн ондогон адам өлүп атат. Оорулуулардын саны мындан да көбөйүшү мүмкүн. Абдан оор абалга кептелдик. Эки айдын ичинде өкмөт да, өзүбүз да даяр болбоптурбуз. Өкмөт да, өзүбүз да жоопкерчиликти көргөзбөптүрбүз» — деди ал.

Текебаев элди карантиндик-санитардык эрежелерди так сактоого чакырды. Ал өкмөт элдин медицина менен жеткиликтүү камсыздалышына шарт түзүшү зарыл экенин билдирди. Өкмөттүн кемчилиги көп болуп жатканын белгилеп, азыр сындай турган учур эместигин белгиледи.

«Баарыбыз жоопкерчиликти сезип, жылчыксыз фронт түзүшүбүз керек. Бүгүн да фронттогудай эле бир кадам артка жол жок. Артыбызда үй-бүлөбүз, ата-энелерибиз, балдарыбыз турат. Баарыбыз бирдей жоопкерчиликтүү болушубуз керек дегеним: 99 адам жоопкерчиликтүү болуп, бир адам туура эмес кылса, вирус ошол жылчык аркылуу кайра тарайт. Кантип вирус менен күрөшөбүз? Ал ар бирибиздин колубуздан келет. Бул — тартип, бул — дистанция, карантиндик-санитардык жөнөкөй эрежелерди сактоо. Беткап кийип чыгыңыз, эл топтошкон жерге зарыл болбосо барбаңыз. Бүгүн ар бирибиздин жоопкерчилигибизден өзүбүздүн, үй-бүлөбүздүн эле ден соолугу эмес, адамзаттын саламаттыгы көз каранды болуп турат. Ошол жоопкерчиликти унутпайлы. Колду жууш керек, беткап тагынуу керек деген талаптар күлкү келтирерлик угулушу мүмкүн. Бирок ошондой жол менен вирустун таралышына 50 пайыздан 90 пайызга чейин бөгөт кое алабыз», — деди Өмүрбек Текебаев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.