Казакстандын президенти Роза Отунбаевага көңүл айтты

Окуялар тизмеги 03 Июл 2020 09:35
0 ой-пикир

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага энесинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун басма сөз кызматы билдирди.

«Салийка Даниярова өмүр жолун ардактуу жана кадыр-барктуу кесипке – мугалимдикке арнап, жаш муунду тарбиялоодо айкын үлгү болду. Ал эгемен өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон татыктуу муунду тарбиялаган баатыр-эне катары урматка ээ болду», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Эскерте кетсек, экс-президент Роза Отунбаеванын энеси Салийка Даниярова 28-июнда 95 жаш курагында каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.