Франциянын премьер-министри күтүүсүздөн кызматтан кетти

Аалам, Окуялар тизмеги 03 Июл 2020 16:46
0 ой-пикир

Францияда Эдуард Филипп жетектеген өкмөт отставкага кетти жана аны президент Эммануэл Макрон кабыл алды.

«Азаттыктын» кабарлаган маалыматта, Француз өкмөтүнүн кызматтан кетишинин себеби айтылган эмес жана бул күтүүсүз окуя болгондугу айтылат. Макрон жакын арада социалдык маселелерди чечүүнү көздөгөн өкмөт түзүүнү көздөп жатат. Өкмөттүн жаңы курамы бекигенге чейин азыркы министрлер кызматын убактылуу аткарып турушмакчы.

Жекшембидеги жергиликтүү шайлоодо бир катар ири шаарларда Макрондун борборчул партиясы Жашылдар партиясына утулуп калган.

Өкмөттүн кызматтан кетишинин бир себеби катары өлкөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу абал да аталып жатат. Франция бул оорудан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн тизмесинде 13-орунда турат.

Макрондун саясий санаалашы болгон Эдуард Филипп премьер-министр кызматын сактап калабы, же анын ордуна башка адам дайындалабы — азырынча белгисиз. Ал өкмөт башчы болуп 2017-жылы май айында дайындалган. Ага чейин жети жыл бою Гавр шаарынын мэри болуп иштеген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.