Соңку кырдаалга байланыштуу Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында төмөнкү чектөөлөр киргизилди:
- Кафе, ресторандар, коомдук тамактануучу жайларга 08:00дөн 20:00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилет;
- Чайканалар ачык асман алдында иштөөгө тийиш;
- Тойканаларда той-аш, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө уруксат жок;
- Ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспорттор убактылуу каттабайт;
- Базарлардын иштөө мөөнөтү 06:00дөн 18:00гө чейин деп чектелди;
- Кийим-кече саткан ири базарлар ишемби, жекшемби күндөрү жабылып, дезинфекциялоо жүргүзүлөт;.
- Парктардагы аттракциондор, футбол аянтчалары, интернет клубдар, түнкү көңүл ачуучу жайлар жана бассейндердин ишмердүүлүгүнө белгисиз мөөнөткө чейин чектөө киргизилди;.
- Элдин массалык чогулуусуна жол бербөө максатында жума намазын окуу 4-июлдан тартып 18-июлга чейин убактылуу токтотулду.
«Жогорудагы талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тынымсыз рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, айыппул салынат», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-июлга карата коронавирус жуктурган 526 жаңы учур катталды. Алардын арасынан 27си Жалал-Абал облусунан аныкталган.
Жалпысынан коронавирус алгачкы катталган аймакта бүгүнкү күнгө карата Covid-19 инфекциясы 387 адамдан табылган.