Четте карап тура турган мезгил эмес. Боронов партиялык боссторго чакырык таштады

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 17:14
0 ой-пикир

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Кубатбек Боронов саясий партияларды кызматташууга чакырды. Премьер-министр парламенттик шайлоого жумшай турган каражаттарын коронавирус менен күрөшкө сарптоону сунуштады.

«Кыйчалып турган эл ар бириңиздердин эмгегиңиздерге, салымыңыздарга карап, кийин шайлоодо туура тандоого барат деп ишенем. Ошондуктан ушул күндөрү сиздерден чоң жардам күтөбүз», — деди Боронов.

Ал саясий жана башка максаттарды коё туруп эпидемиологиялык абалды басаңдатканга болгон аракетти жумшоону кошумчалады.

«Кандай гана саясий максаттар болбосун, массалык топтолууга жол бербейли. Ушул күндөрү баарыбыздын көздөгөнүбүз жана максатыбыз – бирөө гана болсун. Ал – вирус менен күрөшүү», — деп белгиледи Өкмөт башчы.

Анын айтымында, азыр коронавирус менен күрөшүү үчүн жалпы эл биригиши керек.  «Экономикалык оор кырдаалга карабай, биз үчүн элдин саламаттыгы биринчи орунда турат. Коомдун айрым чөйрөсү катуу жабыр тартышы мүмкүн. Элдин душманы азыр бир гана коронавиус болуп жатат. Элибиз кыйналды. Бул ооруну жеңиш үчүн ар бир жаран өзүнө жоопкерчиликтүү болушу керек. Кыйынчылык башка түшкөндө бири-бирибизге жардам берели», — дейт Боронов. 

Өкмөт башчы митингдерди уюштуруп, шайлоо өнөктүгү башталганда ага шылтоолоп элди топтоп, оорунун жайылышына түрткү болбош керек экенин эскертти. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.