Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үч кызматкери каза тапты

Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 17:10
0 ой-пикир

Акыркы үч күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үч кызматкери каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова азырынча кызматкерлердин өлүмүнүн так себеби аныктала элек экенин «Азаттыкка» билдирди.

Ошо эле кезде, айрым маалымат каражаттары маркумдардын жакындарына шилтеме кылып, алар коронавирус жугузуп алып каза тапканын жазып чыгышты.

Көз жумган кызматкерлердин арасынан 44 жаштагы Нурлан Токсунбаев Бишкек шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Свердлов райондук бөлүмүнүнүн жетекчиси болуп иштеп жаткан. Ал 28-июнда дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.

Экинчиси – ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Ыкчам чара көрүү башкармалыгынын кызматкери, 43 жаштагы Мухаметалы Жантаев 29-июнь күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ошондой эле ӨКМге караштуу Гидрометеорология агенттигинин Нарындагы борборунун башчысы Анварбек Иманбаев 60 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган жалпы 5735 учур катталды. Илдеттен 2443 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 62 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.