Бүгүн, 1-июлда Сауд Арабиясынан Бишкекке 121 кыргызстандык жаран алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандык жарандар «Flynas» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.
«Бул каттам дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу максатында ишке ашырылды»,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бул каттам менен Сауд Арабиясынан Казакстандын 39 жараны келди. Алар “Манас” аэропортунан атайын транспорт менен Казакстанга алынып кетти.
Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды.
«Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда», — деп билдиришти министрликтен.