Президент коронавирустан каза болгон дарыгердин жакындарына көңүл айтты

Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 09:26
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медициналык кызматынын врач-ординатору Жамал Тазабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын жакындары менен туугандарына көңүл айтты.

«ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медициналык кызматынын врач-ординатору Жамал Тазабекованын коронавирустан каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Акыркы апталарда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетти, биздин кайраттуу медициналык кызматкерлерибиздин мойнуна эки эсе жүк түштү. Абдан өкүнүчтүүсү, бул күрөштө биз алардын эң мыктыларынан айрылып жатабыз», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент Жамал Тазабекованын өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин ак кызмат кылып, бейтаптарды дарылап, жалпы душман менен күрөшүүгө баа жеткис салымын кошконун кошумчалады.

«Жамал Тазабекова өз кесиптештеринин, бейтаптарынын, жакындарынын жана туугандарынын эсинде түбөлүккө калат. Анын жакындарына, туугандарына жана балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Эскерте кетсек, жалпысынан коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны Кыргызстанда 830га жетти, алардын 442си айыгып, ооруканадан чыккан. Кайтыш болгон дарыгерлердин саны үчкө жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.