Парламентке чимкириктер келишин каалабасаңар, шайлоого жоопкерчилик мамиле кылгыла,- депутат

Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 19:08
0 ой-пикир

Жанарбек Кубанычович, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы ишин жыйынтыктаганы калды. Парламент канча мыйзам долбоорун кабыл алганын эсептеп, окурмандарды статистика менен кыйнабай эле коелу. Сиз өзүңүзгө жана кесиптештериңизге объективдүү бааңызды бере аласызбы?

— Түшүнүп турам. Парламентти сындап, ашып барса «-3» деген баага иштегенибизди айтып, өз кесиптештеримдин дарегине сөз ыргытышымды каалап турасыз. Бирок жөн эле хайп кармап, трендге чыгуу — менин максатым эмес. Чындыгында коомчулукта алтынчы чакырылышка карата адилеттүү дооматтар бар.

Биздин чакырылыш — Кыргызстандагы заманбап парламентаризмдин тарыхындагы эң эле элге жакпаганы болду, бул чындык.

Бирок кандай болсо да, бул биздин тарыхыбыздагы барак. Тарыхты сындоодон майнап жок. Келечекте каталар кайталанбашы үчүн андан сабак алууга, түшүнүүгө аракет кылыш керек деп эсептейм.

Азыркы чакырылыштагы кайсы бир депутаттар жакпай жатабы? Анда аларды кийинки шайлоодо колдобоңуз. Аларга, алар кошулган партияларга добушуңузду бербеңиз. Ошондо жогорку Кеңештеги талкууларды көрүп отуруп уялгандан кызарбайсыз.

— Эми жеке сиздин ишмердүүлүгүңүз тууралуу сүйлөшөлү. Эл өкүлү Жанар Акаевдин депутаттык казынасында эмнелер бар?

— Мен авторлош болгон 40тай мыйзам долбоору. Бирок депутат деген демилгелеген мыйзам долбоорунун санынын артынан чуркашы керек деп эсептебейм. Мыйзам чыгаруу — парламенттин үч функциясынын бири.

Мен жана айрым кесиптештерим, мисалы, Наталья Никитенко беш жыл бою бир катар мыйзам долбоорлорун өткөрбөй коюу үчүн күрөштүк. Адатта бул өзүңдүн мыйзамыңды демилгелегенден алда канча кыйынга турат. Баары оңунан чыгып, биз дайым жеңишке жеттик дей албайм. Бирок коомдун көңүлүн буруп жаттык.

— Президентке таандык КСДПга ачык эле каршы чыкканыңызда жаңы саясатчы пайда болгонун көпчүлүк түшүндү. Бул эрдикке тете болду го?

— …Мен өзүмдү баатыр деп эсептебейм. Тек гана жасашым керек болгон ишти жасадым. Мен үчүн өзүңдү сыйлоо маанилүү. Эгер ошондо принциптеримден тайсам, анда өзүмдү сыйлабай калмакмын. Чынын айтсам, ошол 2017-жылдын 24-мартында КСДП фракциясынан четтетишпесе да, бул иш эртедир-кечтир болмок. Мен ал жакта дайыма жат элем. Фракциядагы көпчүлүк мага ишенимсиз карачу. Эмнегедир мени мурдагы журналист катары маалыматты ММКларга жеткирип коет дешчу. Айрыкча, фракциянын кандайдыр бир жабык жыйындарында.

— Жогорку Кеңештин ишине байкоо салган журналисттер менен эксперттер сиз көп учурда айыпты ачуучу позицияда турганыңызды айтышат. Журналисттик өтмүшүңүз таасир этеби?

— Жок, азыркы саясий турмушум (күлүп). Парламентте мыйзам чыгаруудан сырткары өкүлчүлүк жана көзөмөлдөөчү функциялары да бар. Мен жеке өзүм депутат катары бул функцияларды бир аз кеңейтип, бириктирип алдым. Өткөн беш жылдагы менин миссиям — элге чындыкты айтуу болду. Адамдар чындыкты билиши керек. Мисалы, ун чыгаруу тармагынын парламент ичиндеги лоббиси менен «тегирменчи» магнаттар 2025-жылга чейин кошумча нарк салыгынан бошотулду. Башкача айтканда, 5 жылга. Бул мыйзамдан улам казына дээрлик миллиард сомдон кур калат. А бюджетте дайыма тартыштык бар. Же болбосо Суу кодексине өзгөртүүлөрдү алалы. Бийлик биздин мөңгүлөрдү талкалоо үчүн берип салбадыбы. 2017-жылы ноябрда бул өзгөртүүлөрдү президенттик аппарат түрткүлөп жатты. Бул толугу менен элге каршы демилгелер. Же жакынкы эле радиожыштыктарга байланыштуу чатакты алалы. Бул да миллиарддаган сомдор.

Экинчиден, мен беш жыл бою жаштардын бийликтеги, парламенттеги кайрыла ала турган адамы болдум. Ошол беш жыл бою өлкөнүн булуң-бурчунан мага жаштар келип жатты. Мен ар бирин угууга, жардам берүүгө аракет кылдым. Бир нече жолу жаштар платформаларын өткөрдүм. Алардын жүрүшүндө жаштар парламент кандай иштей турганын ичтен көрө алышты.

— Бирок бул чакырылышта сизге окшогондор саналуу эле. Санаганда бир колдун манжалары жетиштүү. Андыктан, чыныңызды айтыңызчы, алтынчы чакырылыштын депутаттары элдин эсинде чимкириктер катары калабы?

— Мен муну талашкым келбейт. Бул чындык.  

Бир эпизодду айтып берейин. Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда парламентти Икрам Илмиянов тескеген. Башкача айтканда, депутаттар кайсы бир мыйзам долбоору тууралуу кандай добуш берүү керектиги боюнча көрсөтмөнү Илмияновдон алып турушкан. Бул ар кандай формада болчу. SMS жиберип, чалып же маектешүүгө чакырышы мүмкүн эле. Алмазбек Шаршенович кетип, Сооронбай Шарипович келди. Алар урушуп, Икрам бир эле күндө парламенттин куратору болбой калды. Анан ошол учурда бир мыйзам долбооруна (азыр унутуп калдым кайсы экенин, бирок маанилүү болчу) добуш берүү керек эле. «Ак үйдөн» эч кандай көрсөтмө жок, депутаттардын көбү өзүн жоготуп, кайдай добуш берип, эмне кылышты билбей калышты. Добуш берүүдө кайсы позицияны «Ак үй» жактай турганын кантип түшүнүүгө болот деп шыбырашып жатышты. Атайылап спикердин жанынан ары-бери өтүп , кандайдыр бир жаңсоону кармап калууга аракет кылып жатышканын көрүп отурсаң, күлөсүң.

Дагы бир жолу кайталайм, парламентке чимкириктер келишин каалабасаңар, шайлоого жоопкерчилик менен мамиле кылгыла.

— Депутат Жанар Акаевдин эсинде дагы эмнелер калды?

— Көп эле нерсе эсте калды. Акыркы беш жыл мен үчүн да, өлкө үчүн да окуяга бай болду. Бирок мени таң калтырган жана андан арылышыбыз керек болгон бир нерсени гана айтайын. Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектептин директору мага кайрылып калды. Ал билим уясында маркум досум, белгилүу журналист Улан Эгизбаев окуган экен. Балким, Улан экөөбүз мурдагы кесиптештер экенибизди билген үчүн директор мага чыккандыр. Мектеп ремонтко муктаж эле. Авариялык деп жаап салыштары мүмкүн болчу. Керектүү сумма- 10 млн сом. Мен бул акчаны Билим берүү министрлигинен бөлдүрттүм. Ошондо атын айтпай эле коеюн, жогорку деңгээлдеги бир аткаминер: «Жанар, бул мектеп үчүн эмне мынча күйүп-быштың. Бул Нарын го, алардын өздөрүнүн депутаттары бар, ошолор чуркашсын», — деди. Аябай таң калдым.

Ушул мамлекеттик мамилеби?

Баса, досум окубаса да, аталаган мектепке баары бир жардам бермекмин. Анткени билим уясы чынында муктаж эле. Өз көзүм менен көрүп келгем. Кичи мекеним Алай экендигине карабай, мен үчүн бардык балдар — бишкектиги же нарындыгы, оштугу же таластыгы бирдей.

Булак: 24.kg

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.