Министрлик: Бир суткада «Ганси» обсервациясындагы 13 бейтап көз жумду

Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 15:43
0 ой-пикир

“Ганси” обсервациясында бир күн ичинде пневмониядан 13 киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Учурда өлкөдө ооруканаларда 746 бейтап пневмониядан дарыланып жатат. Алардын ичинен 217 кишинин абалы оор, 79 бейтап өтө оор абалда.

Март айынан бери өлкөдө пневмониядан 80 киши каза болгон. Алардын баарынын коронавируска тапшырган анализдери таза чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.