Мэр: Бишкекте коронавируска чалдыккандардын жарымынан көбү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер

Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 17:30
0 ой-пикир

Бишкекте коронавирус жуккан адамдардын жарымынан көбү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер түзөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында борбор калаанын башчысы Азиз Суракматов билдирди.

Ал белгилегендей, шаарда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 292ге жетти.

“Бишкек шаары боюнча Ленин районунда 725 киши, Октябрь районунда − 466, Биринчи май районунда – 446, Свердлов районунда 355 киши коронавирус жуктурган. Бүгүнкү күнү шаардын Ленин жана Октябрь райондорунда эпидемиологиялык абал начар болууда. Жакын арада аталган райондордун айрым жетекчилерине карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Коронавирус жуктурган 2 миң 292 кишинин 55%дан ашыгын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер түзөт”, — деди ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.