Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 10,5 млн адамга чукулдады

Аалам, Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 14:46
0 ой-пикир

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 10 млн 485 миң 763 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коронавирусту жуктургандардын ичинен 511 миң 543 киши каза болгон.

Ал эми 5 млн 366 миң 92 адам айыкты. Коронавирусту АКШда − 2 млн 636 миң 538 киши, Бразилияда − 1 млн 402 миң 41, Россияда − 653 миң 479, Индияда − 585 миң 481, Улуу Британияда − 314 миң 161, Перуда − 285 миң 213, Чилиде − 279 миң 393, Испанияда − 249 миң 271, Италияда − 240 миң 578, Иранда − 227 миң 662 адам жуктурган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.