Бишкек мэри коронавирустан айыгып, жумушка чыкты

Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 16:07
0 ой-пикир

Бишкек мэри Азиз Суракматов коронавирустан айыгып, жумушуна кайтты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, калаа башчысынын оорусу жеңил өткөн. Ал үйүндө дарыланып, айыккандыгы айтылды.

Борбор калаанын коронавируска кабылганы тууралуу 20-июнда белгилүү болгон. Ал күнү мэриянын үч кызматкери, башкы бухгалтер, уюштуруу бөлүмүнүн жетекчисинен да COVID-19 чыккан.

Жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды, алардын ичинен 62 бейтап кайтыш болду, 2447 бейтап айыгып кетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.