Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери бул инфекцияга чалдыккандардын эң көп саны — 439 адам катталды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 1-июлда билдиргендей, бир суткада илдеттин жаңы 439 учуру аныкталды.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 195 адам. Ош шаарында 5, Ош облусунда 5, Чүй облусунда 175, Жалал-Абад облусунда 24, Талас облусунда 12, Баткен облусунда 13 жана Нарын облусунда 10 адам.
Жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды.