Президент Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

Окуялар тизмеги 29 Июн 2020 16:21
0 ой-пикир

Ушул тапта президент Сооронбай Жээнбеков байланыштарды азайтуу максатында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында иштөөнү улантып жатат.

Эртең, 30-июнда, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат.

Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөт мүчөлөрү Мамлекет башчысынын катышуусунда ант беришет.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 17-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана анын программасын бекиткен.

Премьер-министрликке Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбеков бекиди.

Өкмөт аппаратынын башчылыгына Таалайбек Темиралиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов жаңы келди. Башка вице-премьер-министрлер вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Аида Исмаилова, министрлер, мамлекеттик агенттик, комитет жана кызматтардын башчылары өз орундарында калган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.