Кой-Таш окуялары боюнча сот 1-июлга жылдырылды

Окуялар тизмеги 29 Июн 2020 12:38
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш иши боюнча отурум өтүүдө. Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеев кабарлагандай, отурумга айыпталуучу Ф.Ниязовдун жактоочулары Б.Жунусов менен Индикеев жана Р.Жээнбековдун жактоочусу З.Жоошевдин келбегендигине байланыштуу отурум 1-июлга жылдырылды.

Эскерте кетсек, жалпысынан Кой-Таш окуясы боюнча 19 адамга айып тагылган. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болго. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.