Экс-президенттин энеси дүйнөдөн кайтты

Окуялар тизмеги 29 Июн 2020 09:01
0 ой-пикир

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын апасы Салийка Даниярова 28-июнда 95 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери фонду» кабарлады

Салийка Даниярова 1925-жылы Таластын Манас районундагы Кеңеш айылында туулган. 40 жыл мугалимдик кесипте эмгектенип, пенсияга чыккан.

Маркумдун сөөгү 30-июнда Аламүдүн районунун Байтик айылында жерге берилери айтылды.

Elgezit.kg редакциясынын жамааты экс-президент Роза Отунбаеванын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.