ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси коронавирусту жеңгенин билдирди

Окуялар тизмеги 28 Июн 2020 15:11
0 ой-пикир

Коронавируска кабылган Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу ооруканадан чыкты. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Нуракун уулу учурда жыт сезип, жөтөлү басылып, абалы жакшы болуп калганын айтат.

«Кечээ уколдордун баарын алдым, иче турган дарылар эле калды. Өзүмдү жакшы сезип калгандыктан дарыгерлер менен кеңешип, бекер эле орун ээлеп жата бербейин деп үйдөн дарыланууга макулдук алдым. Кечээ үйгө чыгып келип, өзүнчө бир бөлмөдө обочолонуп отурам. Ооруканадан чыгаарда тест тапшырганбыз, эки күндө жыйынтыгы келет. Таза чыгат деген үмүттөмүн», — деди Нуракун уулу.

Белгилей кетсек, ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчисине COVID-19 жукканы аныкталып, 18-июнь күнү Токмок шаарындагы ооруканага жаткырылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.