Кайгуул кызматы Бишкекте эскертүү баннерлерин орнотту. ФОТО

Окуялар тизмеги 28 Июн 2020 12:15
0 ой-пикир

Милициянын кайгуул кызматы тарабынан Бишкек шаарынын бир канча көчөлөрүнө баннерлер орнотулду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматы коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун жана зомбулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк чыр-чатакка жол бербөө, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо, жарандар жана жаш балдар катышкан жол кырсыгынын алдын алуу, жолдо жүрүү учурунда коопсуздук курун жана ылдамдыкты көрсөтүлгөн белгиде айдоо боюнча айдоочуларга үгүттөө, эскертүү иретинде баннерлер орнотулду.

Алар Бишкек шаарынын Киев жана Исанов, Ахунбаев жана Чапаев, Ден Сяопин жана Каракумская,  Ден Сяопин жана Пишпек, Гагарин жана Айтматов, Киевс жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине  жана Элебесов, Тыналиев көчөлөрүнө жалпысынан 10 баннерлер илинди. 

Ошондой эле жай мезгили туристтик сезон болгондуктан туристтерди тартуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу  жана алардын жакшы эс алышына шарт түзүү максатында, аларга которуу, багыт берүү иретинде атайын туристтик милициянын  сүрөттөрүнүн катышуусундагы  баннерлер даярдалып чоң көчөлөргө илинди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.