Шашылыш билдирүү! Катуу жаан-чачын, мөндүр жаашы жана сел жүрүшү күтүлөт

Окуялар тизмеги 27 Июн 2020 15:37
0 ой-пикир

27-28-июнда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 27-июнда күндүз жана 28-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 19…24°, тоо этектеринде түнкүсүн 4…9°, күндүз 14…19°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 19…24°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°, күндүз 19…24°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 6…11°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 3…8°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0 …-5° суук, күндүз 1…6° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2020-жылдын 27-28-июнунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.