Министрлик: Оорукананын короосунда жан берген бейтап боюнча териштирүү башталды

Окуялар тизмеги 27 Июн 2020 09:52
0 ой-пикир

Бишкекте оорукананын короосунда жан берди деген бейтап боюнча териштирүү башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Кызматтык териштирүү да жүрүүдө. Бейтаптын өлүмүнүн себептери иликтөө бүткөндөн кийин белгилүү болот.

Эске салсак, 26-июнда Kaktus.media агенттиги Бишкекте оорукананын короосунда бейтаптын каза болгондугун кабарлаган. Анда, Бишкек шаарынын тургуну ооруп жаткан инисин төрт күн бою бейтапканаларга жаткыра албай, акыры ал Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн короосунда жан бергендиги айтылат. Кабарга тиркелген видеодон машинанын ичинде каза болгон адамдын сөөгү жатканын көрүүгө болот.

Видеону чөнтөк телефонуна тарткан адам 22-июнда инисинин денеси ысый баштаганын, коронавируска тапшырган анализи таза чыкканын, ошондон бери 4-ооруканага, андан кийин Улуттук госпиталга жана Чүй облустук ооруканасына жөнөтүп отурушуп, бири да кабыл албай коюшканын айткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.