Өлкө аймагында өзгөчө абал киргизилбейт

Окуялар тизмеги 26 Июн 2020 11:17
0 ой-пикир

Өкмөт өлкө аймагына коронавирус эпидемиясына байланыштуу кайрадан өзгөчө абал жарыялоонун кажети жок деп эсептейт. Бул тууралуу 26-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде билдирди.

«Премьер-министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги астында жыйын өтүп, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалды киргизгенге негиз жок экенин айтты. Бир катар тапшырмалар берилип, кызматкерлерге аралыктан иштөөгө өткөрүү айтылды. Ошондой эле мамлекеттик мекемелерге, шаарларда эл көп жүргөн базар, административдик мекемелерге көзөмөлдүү күчөтүүгө тапшырмалар берилди”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавируска чалдыккандардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Бүгүн илдетти жугузуп алгандардын саны сутка ичинде 250ни түздү.

25-июнда Каратаев бул маселе коронавируска каршы республикалык ыкчам штабда чечилерин билдирген.

Өлкөдө COVID-19 илдети алгач 18-мартта катталган. Ошондон бери бул инфекция 4 миңден ашуун адамга жукту, 43 бейтап каза тапты.

Эскерте кетсек, коронавирус коркунучуна байланыштуу өлкөнүн айрым аймактарында 25-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилип, 11-майдан алынып салынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.