Жогорку Кеңеш бир күндө 41 мыйзам долбоорун кароону көздөөдө

Окуялар тизмеги 25 Июн 2020 12:25
0 ой-пикир

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 41 маселе кароо күтүлүүдө. Алардын арасында коомчулукта чоң талкуу жараткан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору да бар. Бул мыйзам долбоору сөз эркиндигин ооздуктоо аракети катары катуу сынга алынган.

Учүнчү окууга “Бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү”, “Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен табылган акчаларды адалдоого каршы” мыйзамга өзгөртүү киргизүү, бир катар мыйзам актыларын, Кодекстерди өзгөртүү, Кыргызстандын прокуратурасы тууралуу жана башка мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору киргизилет.

Мындан тышкары Кыргызстан менен Түркиянын, Түштүк Кореянын ортосундагы бир катар келишимдерди ратификациялоо маселесин карайт.

Ошондой эле бир катар мыйзамдарга, актыларга өзгөртүү киргизүү, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана башка мыйзам долбоорлору биринчи жана экинчи окууда каралат.

Ушул тапта Жогорку Кеңештин имаратынын алдында сөз эркиндигин жана интернетти чектөөгө каршы митинг өтүп жатат. Бул иш-чараны уюштуруу демилгеси соңку күндөрү социалдык тармактарда көтөрүлүп, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана катардагы жарандар бүгүн чогулууну чечишкен.

Иш-чарага, катышуучулардын айтымында, элүүдөн ашуун адам катышууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.