Өлкөгө өзгөчө абалды кайтаруу маселеси көтөрүлдү

Окуялар тизмеги 25 Июн 2020 13:30
0 ой-пикир

Бүгүн, 25-июнда, Республикалык штаб өзгөчө абал режимин киргизүү маселесин талкуулайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин КаратаӨзгөчев бүгүнкү брифингде билдирди.

Брифингде өлкөгө өгөчө абал кайрадан киргизилеби деген суроо узатылган.

«Өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси бүгүн, 25-июнда, Республикалык штабдын жыйынында талкууланат. Өзүңүздөр көргөндөй, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй, Ош облустарында эпидемиологиялык курч болууда. Өкмөт бардык факторлорду эске алып, бир чечим кабыл алат деген ойдомун», — деди Каратаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус жуктурган 228 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3954тү түзөт. Алардын ичинен 2112 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 43 адам каза болду.

Өлкөдө өзгөчө абал режими буга чейин 25-марттан 10-майга чейин иштеген эле.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.