Жанар Акаев: «Дүжүрлөр» армиясынын арсыз ыкмасы Момбековдой кишилерди мокото албайт

Окуялар тизмеги 24 Июн 2020 21:06
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Таласта кесиптеши Рыскелди Момбековго чагымчыл жасаган адамдарга жооп берди.

«Рыскелди Момбеков карапайым элдин көйгөйүнө күйүп, жети дубанды кыдырып, адилеттүү сөзү бар саналуу депутаттардын бири. «Дүжүрлөр» армиясынын арсыз ыкмасы Момбековдой кишилерди мокото албайт, курчутат кайра. Элди бөлүп жаруудан кайра тартпаган жергиликтүү бийликтер аз убакыттан кийин жооп берет мындай кылыгына», -дейт Жанарбек Акаев.

Рыскелди Момбеков карапайым элдин көйгөйүнө күйүп, жети дубанды кыдырып, адилеттүү сөзү бар саналуу депутаттардын бири. "Дүжүрлөр" армиясынын арсыз ыкмасы Момбековдой кишилерди мокото албайт, курчутат кайра. Элди бөлүп жаруудан кайра тартпаган жергиликтүү бийликтер аз убакыттан кийин жооп берет мындай кылыгына.

Posted by Janar Akaev on Wednesday, June 24, 2020

Эскерте кетсек, КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун Талас облусуна болгон сапарында жергиликтүү тургун аны жаман сөздөр менен сөгүп, мушташууга чакырган. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда таркап, жергиликтүү каналдар да көрсөткөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.