Парламенттин вице-спикери Ташиевдин ачуу сындарына жооп берди

Окуялар тизмеги 24 Июн 2020 11:25
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров белгилүү саясатчы, «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин ачуу сөздрүнө жооп берди.

«Мен Камчыбек Ташиевдин ордун талашкан жокмун. Чындыгында менин дарегиме айтылган сөздөрү күтүүсүз болду», — дейт депутат «Медиа центр» агенттигине берген комментарийинде.

Белгилей кетсек, экс-депутат Камчыбек Ташиев жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатып, Мирлан Бакировдун атына катуу сындарды айткан. “Эл арасында таасири жок, эч ким тааныбаган жөнөкөй эле депутат “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы болуп калды, муну менен Кыргызстанда чыныгы эмес, жасалма лидерлер көбөйүп кетти. Мына кыргыз саясатынын бузулушу”, — деп билдирген Ташиев.

Камчыбек Ташиевдин мындай күтүүсүз сын пикирине Мирлан Бакиров төмөндөгүдөй жооп кайтарды:

«Биринчиден, кыргыз элинде «Аганы көрүп ини өсөт» деген накыл сөз бар. Андыктан эч ким даяр төрага же кандайдыр бир жетекчи болуп төрөлбөйт, ал өз убагы, сааты менен ар кандай ысык-сууктан өтүп, кыргыз элинин улуу инсандарынын тарыхый басып өткөн жолдорун карап таасирленип, улуу агалардын саясый тажрыйбаларын таразага салып, насааттарын угуп, акырындык менен тийиштүү деңгээлге жетет. 

Экинчиден, «Атың чыкпаса жер өрттө» демекчи, мен кандайдыр бир күтүүсүз кадамдарга барып атымды чыгаруудан алысмын. Депутат катары жазган мыйзамдарым, көтөргөн маселелерим менен кыргыз элиме кызмат кылуум маанилүү. 

Үчүнчүдөн, эң кызыгы саясый партия — коомдук уюм, кайсы партия кимди төрага кылгысы келет аны өзү чечет. Мен Камчыбек Кыдыршаевичтин ордун талашкан жокмун да. Чындыгында менин дарегиме айтылган сөздөр күтүүсүз болду. Мен ар дайым Камчыбек Кыдыршаевичке сый мамиле жасап келгенмин, мындан ары да жасай бермекчимин. Себеби, ал менден улуу жана бир аймактын уулдарыбыз».

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.