Кыргыз улуттук консерваториясынын ректор кызматына сынак жарыяланды

Окуялар тизмеги 24 Июн 2020 17:34
0 ой-пикир

Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректордук кызмат ордуна сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, талапкерлерди каттоо жана алардын документтерин кабыл алуу 2-июль саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

 Белгилей кетсек, бул окуу жайды көп жылдан бери белгилүү композитор Муратбек Бегалиев башкарып келет.

Министрлик аталган окуу жайдын жетекчи кызмат ордуна кандай себеп менен сынак жарыяланып жатканы тууралуу түшүндүрмө берген жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.