Кытай Майк Помпеону «саясий вирус» таратпоого чакырды

Аалам, Окуялар тизмеги 23 Июн 2020 18:05
0 ой-пикир

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Вашингтондун Пекинге каршы айыптоолорун негизсиз деп атап, АКШнын мамлекеттик катчысын «саясий вирус» жарыялоодон баш тартууга чакырды.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицян дүйшөмбүдө маалымат жыйынында АКШнын мамлекет катчысы Майк Помпеонун Пекинге каршы айткан айыптары негизсиз деп билдирди.

“Global Times” гезити Помпео АКШнын аткаминерлеринин Кытайдын коронавирусуна байланыштуу айыптоолорун дагы бир жолу кайталап, Пекин коронавирустун чыгышына байланыштуу дүйнөнү өз убагында кабардар кылган эмес деп айыптаганын маалымдады.
Помпео Кытай Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун эрежелерин бузган жана коронавирустун адамдан адамга жугарын бир ай бою айтпай жүрө бергендиктен, оору өлкөнүн бардык дубандарына жайылып кеткен деп билдирген.

Мындан тышкары, АКШнын мамлекеттик катчысы Копенгаген демократиялык виртуалдык саммитинде Кытайды катуу сынга алып, Европа өлкөлөрүн Пекин менен Вашингтондун ортосун тандоого чакырды. Маалыматка ылайык, Лицян Помпеонун эскертүүлөрүнө токтолуп, Пекин анын негизсиз айыптоолоруна дагы деле каршы экендигин баса белгилеп, аны «саясий вирус» таркатпоого үндөдү.

Ошондой эле, АКШнын мамлекеттик катчысы бул айыптоолорду жасоо менен Пекин менен башка өлкөлөрдүн ортосунда пикир келишпестик жаратууга аракет кылып жаткандыгын баса белгиледи.
Чжао Лицян Помпеонун айткандары эл аралык мамилелердин негизги фактыларына жана ченемдерине карама-каршы келерин, анын бул аракети менталитетин жана кансыз согуш жөнүндө идеологиялык көз-караштарын ачыкка чыгаргандыгын жана мындай ой-пикирлерге эл аралык коомчулукта орун жок деп билдирди.
Сөзүнүн акырында, «Биз бул америкалык саясатчыны каталарын оңдоого, «саясий вирус» жайылтууну токтотууга жана Кытай менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты алсыратуунун ордуна, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого чакырабыз”, — деди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.