Экс-башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 млн сом айып салынып, үй камагына алынды

Окуялар тизмеги 23 Июн 2020 16:22
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө коррупциялык кылмыштар боюнча А.Ш.Атамбаев, И.Ы.Жолдубаева, А.Раимжанов жана К.О.Качкыналиевдерди айыптоо боюнча жазык иши каралууда.

Бүгүн бул иш боюнча акыркы соттук отурум болуп өтүп, сот өкүмүн чыгарды.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 43-берененин 2-бөлүгү, 312-берененин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды. Ошондой эле аны мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо каралды.

Ал эми Мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 миллион сом айып салынып, үй камагына алынды. Мындан тышкары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратылды.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Жолдубаеваны 15 жыл эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну сураган.

Жолдубаева Атамбаевдин тушунда президент аппаратынын сот реформасы боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, башкы прокурор болуп эмгектенген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.