Парламент депутаттарынан кимдер коронавирус жуктуруп алды? Министрдин жообу

Окуялар тизмеги 22 Июн 2020 12:34
0 ой-пикир

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго бүгүнкү брифингде Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында канча адам коронавирус жуктуруп алгандыгы тууралуу суроо узатылды.

Ага Абдикармов, «бар» деп кыска гана жооп берип койду.

“Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында вирусту жуктуруп алгандар бар, бирок алардын ысымдарын атай албайм”, — деп жооп берди министр.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдиновдон жана басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунан коронавирус илдети аныкталган. Экөө тең дарыланып жатат. Дагы бир депутат, “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да коронавируска чалдыкканы кабарланып, бирок расмий тастыктала элек.

COVID-19 илдетине Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, Ош облусундагы Араван районунун акими Курбанбай Айтибаев коронавирус илдетине чалдыкканы маалым болгон.

Кыргызстанда 22-июнга карата коронавирус жуктурган 205 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3356ди түзөт. Алардын ичинен 2021 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 40 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.