ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери сыйланды

Окуялар тизмеги 22 Июн 2020 17:02
0 ой-пикир

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлери сыйланышты. Бул тууралуу Күзөт кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери өлкөбүздөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда кызматка болгон ак-ниеттүү жана жоопкерчиликтүү мамиле менен кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн Ички иштер министрлигинен түзүмдүк медалдар жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Тапшыруу аземинде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы Алмаз Момбеков кызматтык милдеттерин артыкчылыктуу аткаргандыгы үчүн ыраазчылыгын билдирип, “мындан ары да өз мамлекетибиздин, коомдун коопсуздугун камсыздоого, кайтарууда турган маанилүү, өзгөчө маанилүү жана олуттуу мекеме-чарбаларды жана жарандардын турак жайларын ишенимдүү кайтарууга болгон күчүбүздү жумшайбыз” деп белгиледи.

Момбеков сыйлык ээлерин куттуктап, кызматкерлерге мындан ары дагы ийгиликтерди жаратып, ден соолуктары бекем болушун каалап кетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.