БШКнын 2 кызматкеринен, ӨКМдин 22 кызматкеринен коронавирус табылды

Окуялар тизмеги 22 Июн 2020 18:11
0 ой-пикир

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Мекеменин басма сөз кызматы 22-июнда билдиргендей, алардын баары медициналык көзөмөлдө.

COVID-19 диагнозу коюлган кызматкерлер менен байланышта болгон кесиптештеринен, туугандарынан да анализ алынды.

Кыргызстанда оору жуктуруп алгандар июндун экинчи жарымында көбөйүп, мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасында да көп каттала баштады. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкеринен коронавирус аныкталып, имаратта дезинфекция иштери жүргүзүлдү.

Буга чейин, Бишкек аймактын шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдон вирус табылган. Өткөн аптада COVID-19 илдетине Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, Ош облусундагы Араван районунун акими Курбанбай Айтибаев коронавирус илдетине чалдыкканы маалым болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 22-июнга карата коронавирус жуктурган 205 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3356ны түзөт. Алардын ичинен 2021 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 40 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.