Алар 46 жана 51 жашта эле. COVID-19дан каза болгондор тууралуу айтылды

Окуялар тизмеги 21 Июн 2020 12:11
0 ой-пикир

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган эки адам каза болду.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, алардын бири — 51 жаштагы эркек. Анда коронавирус оор формада өтүп жаткан. Эки тараптуу пневмония болуп, дем ала албай кыйналган. Анүстүнө он күн бою өз алдынча дарыланып жүрө берген. Абалы начарлап кеткенде гана темир жол ооруканасына барып, бирок дарылоо жардам берген эмес. Ооруну кайдан жуктуруп алганын билбейт.

Экинчиси — 46 жаштагы аял. Ысык-Ата райондук ооруканасына оор абалда түшкөн. Ал кургак учук жана кан диабети менен жашаган жеринде каттоодо турган. Оор абалда ооруканага түшүп, коронавируска чалдыкканы аныкталган.

Кыргызстанда ушуну менен илдет жуктуруп алгандан кийин көз жумгандардын саны 37 адамга жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.