Ак үйдө залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү

Окуялар тизмеги 21 Июн 2020 15:10
0 ой-пикир

Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын иш орундары жайгашкан имарат дезинфекцияланды.

Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өз кызматында иштегендердин баары жана Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирус илдетине анализ тапшырышкан. Дээрлик баарынын алдын ала жыйынтыктары таза чыккан.

22-июндан тартып аппарат кызматкерлери коопсуздук максатында аралыктан иштөөгө өтүшөт. Депутаттар санитардык талаптарды бекем сактоо менен ишин улантышат.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдиновдон жана басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунан коронавирус илдети аныкталган. Экөө тең дарыланып жатат. Дагы бир депутат, “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да коронавируска чалдыкканы кабарланып, бирок расмий тастыктала элек.

COVID-19 илдетине Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, Ош облусундагы Араван районунун акими Курбанбай Айтибаев коронавирус илдетине чалдыкканы маалым болгон.

Кыргызстанда 21-июнга карата коронавирус жуктурган 170 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3151ди түзөт. Алардын ичинен 2011 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 37 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.