ЖКда эки адамдан COVID-19 табылды. Парламентарийлер тыкыр текшерүүгө алынды

Окуялар тизмеги 20 Июн 2020 15:02
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясына 10 күн мурун жаңы депутат болуп келген Бейшеналы Нурдинов COVID-19 инфекциясын жугузуп алганы маалым болду.

Бул маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифингде ырастады. Анын сөзүнө караганда, жалпы Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары лабораториялык ПЧР анализ тапшырышты.

«Эпидемиологдор тыкыр иштеп жатышат. Жуга турган учурлар аныкталса, ошол адамдардан тест алуу боюнча чечим кабыл алынат. Азырынча депутат Бейшеналы Нурдиновдон башкаларынын вируска кабылганы боюнча маалымат жок», — деди Үсөнбаев.

Жогорку Кеңешин депутаты Бейшеналы Нурдинов

Ошондой эле ал айрым эл өкүлдөрүнүн жыйын учурунда беп капсыз отургандыгы боюнча эл арасында талкуу болуп жатканын айтып, депутаттардын мындан аркы жоопкерчилигине ишенээрин билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунан коронавирус аныкталган.

20-июнда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, 19-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, Ош облусундагы Араван районунун акими Курбанбай Айтибаев коронавирус илдетине чалдыкканы маалым болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-июнга карата коронавирус жуктурган 192 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2981ди түзөт. Алардын ичинен 1981 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 35 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.