Жаңы окуу жылы да онлайн режиминде башталабы? Министрликтин жообу

Окуялар тизмеги 20 Июн 2020 18:03
0 ой-пикир

Өлкөдө абал кооптуу болбосо окуу жылы салттуу түрдө башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, баары кырдаалга байланыштуу болот. «Окуучулар жана ата-энелер мектепке барып, окууну каалап жатышат. Биз дагы ал үчүн шарттарды түзүүдөбүз. Өлкөдө абал кооптуу болбосо жаңы окуу жылы салттуу түрдө башталат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, 20-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2981 учур катталды. Алардын ичинен 546сы медицина кызматкери. Илдеттен 1981 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 35 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.