Депутат Сайдулла Нышановдун үстүнөн Башкы прокуратурага арызданышты

Окуялар тизмеги 20 Июн 2020 21:46
0 ой-пикир

«Кыргыз коомчулугу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев Жогорку Кеңештин жыйынына келбеген депутаттардын ордуна добуш берген депутат Сайдулла Нышановдун үстүнөн Башкы прокуратурага арызданды.

«КРнын Башкы Прокурору Ө.А. Жамшитовго
Урматтуу Өткүрбек Асилбекович!
Мыйзам чыгаруу бийлигинде олтурган кээ бир депутаттар өздөрү мамлекеттик кызыкчылыкка кайчы келген мыйзамсыз жоруктары менен коомчулуктун нааразылыгын жаратышууда. «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов өзүнүн видеомаегинде бир жолу эле эмес, ар дайым катарлаш олтурган депутаттар үчүн добуш берип келгенин мактаныч катары айтып жатканы боюнча кылмыш иш козгоп, тергөө иштерин баштоого толук негиз болуп бере турган инцидент экенин сиз да жокко чыгара албайсыз. Демек, мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышын көзөмөлгө алган жогорку мамлекеттик органдын башында турган кызмат адамы катары бул ишти өндурүшкө алууңузду өтүнөм.

Кыргыз коомчулугунун атынан, «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев
Бишкек ш. 20.06.20″.

Депутат С.Нышановдун жоругу боюнча Башкы Прокуратурага АРЫЗАтайын арыз түшпөсө ишти карашпайт эмеспи. Андыктан,…

Geplaatst door Кадыр Кошалиев op Vrijdag 19 juni 2020

Буга чейин, Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов жыйынга келбеген кесиптештери үчүн добуш берерин билдирген.

Видеону көрүп чечим чыгаргыла, болбосо Кыргызстан кулайт!!!Кыйлага айтып мактанбар,Кыргызда шумдук АК ТАМ бар.Ичинде шайтан аскерлер,Кудайдан жөө качкандар.Үмүтү курган кыкеңдин,Үргүлөп, майы эзилип,Үйүндө уктап жаткандар.Бок курсактар эл бакпайт,АларБайлыгы үчүн шашкандар.Коллегасы пульт сымал,Кошомат кылып жаткандар.Кызматын билбей кыйратып,Кээ бири,Кнопка эле баскандар.Андыктан,Ойлонгула оңбогур,Добушун пулга саткандар!!!

Geplaatst door Садырбек Турдубек Уулу op Vrijdag 19 juni 2020

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө Мыйзамынын 84 беренесенин 3 бөлүгүнө ылайык, депутат добуш берүү укугун жеке өзү жүзөгө ашырат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.