Боронов: Бишкек менен аймактар аралык каттамдар токтотулат

Окуялар тизмеги 20 Июн 2020 15:41
0 ой-пикир

Бишкек менен аймактар ​​аралык каттамдар токтотулат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус илдетин жуктургандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу өкмөт жана Республикалык штаб бир нече эрежелерди өзгөрттү.

«Учурда Бишкек, Чүй облусу, Ош шаары коронавирустун очогу болууда. Оорунун чыгышы да ушул жерлерде көп катталып жатат. Буга байланыштуу Бишкек шаары менен аймактардын ортосундагы коомдук транспортторду токтотуу маселесине кайрылып жатабыз. Бишкекте чыгып жаткан ооруну аймактарга таратпоо керек. Ысык-Көл, Нарын, Талас облусунда абал туруктуу, ал жерлерге илдетти жайылтпашыбыз керек», — дейт ал.

Боронов аймактар аралык такси, жеке автоунаа жана жүк ташуучу унаалар толук кандуу ишин жургүзө берерин айтат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.