Алгачкы ирет. Өзбекстанда аял элчи болуп дайындалды

Окуялар тизмеги 20 Июн 2020 17:37
0 ой-пикир

Өзбекстандын Сенаты өлкөнүн Израилдеги элчи кызматына Феруза Махмудованын талапкерлигин колдоду.

Парламенттин жогорку палатасынын төрайымы Танзила Нарбаева жыйында сүйлөп жатып, Өзбекстандан 130 өлкө менен дипломатиялык кызматташтык түзгөнүнө карабастан бир да аял элчи катары дайындалбаганын белгилеген.

«Феруза Махмудова эгемен Өзбекстандын тарыхында алгачкы аял элчи катары тарыхка кирет», — деп белгиледи Нарбаева.

Белгилей кетсек, 2010-2012-жылдары Өзбекстандын Испаниядагы элчиси кызматында ошол кездеги президент Каримовдун кызы Гүлнара Каримова турган.

45 жаштагы Феруза Махмудова буга чейин Тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу кызматташтык башкы башкармалыгын жетектеп турган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.