Жогорку соттун судьялары шайланды

Окуялар тизмеги 19 Июн 2020 08:45
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин 18-июндагы  жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун судьяларын шайлоо боюнча маселени карашты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы кабарлагандай, Жогорку соттун судьялык кызматына Күмүшбек Жоомартовдун, Нурланбек Атаназаровдун, Инара Гилязетдинованын, Нурмамбет Эшалиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңеш Күмүшбек Жоомартовду, Нурланбек Атаназаровду, Инара Гилязетдинованы, Нурмамбет Эшалиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  судьялыгына шайлашты. Парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынып, шайланган судьялар  Жогорку Кеңеште ант беришти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.