Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо боюнча маселени карашты.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы кабарлагандай, Жогорку соттун судьялык кызматына Күмүшбек Жоомартовдун, Нурланбек Атаназаровдун, Инара Гилязетдинованын, Нурмамбет Эшалиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңеш Күмүшбек Жоомартовду, Нурланбек Атаназаровду, Инара Гилязетдинованы, Нурмамбет Эшалиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына шайлашты. Парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынып, шайланган судьялар Жогорку Кеңеште ант беришти.