Кара-Суу районунда ири өрт кырсыгы болду. ФОТО

Окуялар тизмеги 19 Июн 2020 12:16
0 ой-пикир

Кечээ, 18-июнда болжол менен саат 13:50 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Турмуш айылында турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен үч турак үй жана эки сарай толугу менен күйүп кеткен.

Мындан сырткары, дагы эки турак үйдүн чатырлары күйгөн. Өрттүн жалпы аянты 615 чарчы метрди түздү.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:18де чектөөгө алынып, саат 18:50дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.