«Фейсбук» келекелеген жаман жебе, ал эми «Одноклассники» болсо жакшы, — депутат Строкова

Окуялар тизмеги 19 Июн 2020 15:08
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеште «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өтүп жатат. Талкууда сөз алган депутат Евгения Строкова «Фейсбук» жана башка социалдык тармактар адамдарды шылдыңдаган, келекелеген жайга айланганын белгиледи.

«Жеке өзүмдүн дарегиме айтылган каралоолорду айтпасам да, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаганын жокко чыгарган билдирүүсү тууралуу маалымат тарады. Мен бул уюм аркылуу маалымат фейк экенин аныктадым. Азыр фейк аккаунттар менен жан баккандар бул мыйзам кабыл алынса акча таба албай калабыз деп коркуп жатышса керек”, -деди Строкова.

Ошондой эле мыйзам долбоорунун демилгечилерине ыраазычылык билдирди.

«Балким прецедент түзүп, айрым аккаунттарды сотко беришибиз керек. Фейсбук жана башка социалдык тармактар шылдыңдоо, айыптоолорго толгон аңга айланып калды. Ал эми, “Одноклассники” жакшы кабар тараткан социалдык тармак. Бул мыйзам долбоорун колдогондорго рахмат”, -дейт Евгения Строкова.

Эске сала кетсек, мыйзам долбоорунда Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.