Депутаттык комиссия: 700 миллион долларга Матраимовдордун тиешеси жок

Окуялар тизмеги 19 Июн 2020 19:27
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеш 18-июндагы жалпы жыйынында Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун жактырды. Бул боюнча токтом долбооруна 72 депутат «макул» деп добуш берди, бирөө каршы болду.

Комиссия ишинин жыйынтыгында «сыртка чыгарылган 932 миллион доллардын Кыргызстанга тиешеси жок, кыргызстандык жана чет өлкөлүк, Өзбекстан Республикасындагы «Абу-Сахи» базарындагы жеке ишкерлердин каражаты» деген бүтүмгө келгени жарыяланды.

Талкуу учурунда депутат Марлен Маматалиев «өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылды делген 700 миллион долларга Матраимовдордун тиешеси бар же жок экени аныкталдыбы?» деп сурады.

Буга комиссия төрагасы Талант Мамытов жооп берип, ал каражат ишкерлерге таандык экенин айтты.

«Ал сумма 700 миллион эмес, 932 миллион доллар деп аныкталган. Аталган каражат тергөөдө Кыргызстандын «Кара-Суу» жана Өзбекстандын «Абу-Сахий» базарындагы жеке ишкерлердин акчасы экени тастыкталды. Комиссия дагы ушундай жыйынтыкка келип жатабыз», — деди Мамытов.

Депутаттык комиссиянын корутундусунда такталбаган, шек жараткан учурлар бар экенин эки гана депутат — Дастан Бекешев менен Рыскелди Момбеков белгиледи. Ал эми көпчүлүк эл өкүлдөрү комиссиянын иши ачык жана ишенимдүү болгон пикирди билдиришти.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш былтыр Стамбулда өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Саймаитинин ишине байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген. Комиссиянын корутундусу менен макул болбой, Мирлан Жеенчороев комиссия курамынан чыгып кеткен.

Киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) чыгарылган акчанын суммасы 932 миллион доллар экенин маалымдаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.