Өзбекстандын өкмөтүнүн кызматкери коронавирус жуктуруп алганы үчүн министрлер кабинетинин имараты толугу менен карантинге алынды.
«Азаттыктын» билдиргенине караганда, департаменттин жетекчиси илдетти жугузуп алган. Бирок өкмөттө ким вирусту жугузуп алганы, карантин канчага чейин созулары так белгиленген эмес.
Президент Шавкат Мирзиёев 16-июндагы видеоселектордук жыйында өлкөдөгү эпидемиологиялык абал начарласа, бир катар шаарлар менен облустар кайра жабыларын эскерткен. Көп өтпөй Ташкент шаарында коронавирустан улам кеминде эки соода борбору жана бир базар убактылуу жабылды.
Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 18-июндагы маалыматына ылайык, соңку бир жарым суткада 300 кишиден коронавирус табылды. Өлкөдө өпкөнү сезгенткен бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 5697 кишиге жетти. Оору 19 адамдын өмүрүн алды.