Парламенттик жана жергиликтүү шайлоону бир өткөрүү сунушталды

Окуялар тизмеги 18 Июн 2020 10:55
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин бүгүн, 18 — июндагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64 — беренесинде каралган  пайыздык тосмону төмөндөтүүгө багытталган. Саясий партиялардын  Жогорку Кеңешке өтүшү үчүн  шайлоо босогосун  9 пайыздан 7 пайызга чейин  төмөндөтүү сунушталууда.

Талкуу учурунда депутат Жыргалбек Турускулов, — «Күз айларында өтүүчү Жогорку Кеңешке болчу шайлоолорго кошуп жергиликтүү кеңештердин шайлоолорун чогуу бир өткөргөңдө өлкө бюджети үнөмдөлмөк», —  дейт ал.

Кесиптешинин сунушун депутат Марлен Маматалиев колдоду.

«Ошол акчаны үнөмдөө эмес, албетте, бул дагы керек нерсе. Бирок эң негизгиси пандемия. Коронавирус жуктургандардын саны азайган жок, күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Жакынкы аралыкта шайлоону өткөрүүгө болбойт. Күзүндө парламенттин шайлоосу менен өткөргөн туура болот. Элибизди кайра-кайра топтой бербей чогуу өткөрсөк деп мен дагы сунуштайм. Бул элибиздин коопсуздугу», — деди ал.

Ушундай эле пикирди депутат Нурбек Сыдыгалиев да кубаттады.

Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жолдонду. 

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз болуп, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

Кийинки парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда болору айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.