«Наполи» Италиянын кубогун алтынчы ирет жеңип алды

Аалам, Окуялар тизмеги 18 Июн 2020 13:02
0 ой-пикир

Футбол боюнча Италиянын кубогунун финалында «Ювентус» менен «Наполи» командалары оюн өткөрдү. Беттеш Рим шаарында «Олимпико» стадионунда өттү.

Оюндун негизги убактысында эсеп 0:0 боюнча аяктады. Оюнга кошумча убакыт берилбей, 11 метр аралыктан пенальти сериясы дайындалды. Анда «Наполи» командасы чеберчилигин көрсөтүп, 4:2 эсебинде атаандашын жеңип алды.

«Ювентус» 13 ирет кубоктун жеңүүчүсү болсо, «Наполи» командасы алтынчи ирет жеңишке ээ болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.